• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бишкекте коммунисттер Ленин менен Сталиндин сүрөттөрүн алып чыгышты

1 Бугу 201911:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.05.2019.Govori.TV.

Бишкек шаарынын борборунда кыргызстандык коммунисттер эмгекчилердин тилектештик күнүн майрамдоодо.

Чогулгандардын алдында партиясынын мүчөлөрү чыгып сүйлөөдө. Иш-чаранын катышуучулары Советтер союзунун жана дүйнөлүк пролетариаттын жол башчылары Владимир Ленин менен Иосиф Сталиндин эмгектерин даңзалап, кеп салышууда.

Майрамга 60ка жакын адам чогулган. Алардын ичинде партия мүчөлөрү менен бирге мектеп окуучулары коммунисттик партиянын желектерин көтөрүп турушат.

Сүрөт АкиПресс.

Количество просмотров: 17