• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте коомдук транспортто электрондук билеттер 2020-жылы иштей баштайт

7 Бугу 2019 11:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.05.2019.Govori.TV.

Бишкекте коомдук муниципалдык транспортто электрондук билет менен жүрүү долбоорун швейцариялык BPC AG компаниясы ишке ашырат. Бишкек мэриясы бул долбоорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол койду.

Болжол менен борбор калаада коомдук транспортто электрондук билеттер 2020-жылы иштеп баштайт.

Маалым болгондой, мэрия өткөргөн тендерди швейцариялык BPC AG компаниясы жеңип алган. Бул фирма долбоорду ишке ашыруу үчүн 24 млн 120 миң сом сунуштаган.

BPC AG компаниясы транзакциянын суммасын эң арзан кылып көрсөткөн – 0,49 сом. Мындан тышкары, пенсионер жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн бекер карта берүү, ар кандай жеңилдетилген ыкмалар менен картанын балансын толтуруу. Ошондой эле компания ушундай долбоорлорду башка өлкөлөрдө ийгиликтүү ишке ашырганы дагы эске алынган.

Компания долбоорду толугу менен каржылап, аппаратураларды орнотуп, эксплуатацияга берүү кызматын көрсөтөт. Келишимдин мөөнөтү аяктаган соң система муниципалдык менчикке өтөт.

Талаптарга ылайык, бардык иш келишим күчүнө киргенден тарта 10 айдан кийин бүтүшү керек.

BPC AG компаниясы система ишке киргенден кийин беш жыл бою кызмат көрсөтүү жана оңдоо иштерин аткарып турат.

Эске салсак, 25-февралдан тарта Ош шаарында коомдук муниципалдык транспортто электрондук билет менен жүрүп баштады.


Количество просмотров: 3