Бишкекте 1-марттан тарта «Тулпар» электрондук төлөм системасы толук кандуу иштеп баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, карталарды «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүнөн, мобилдик операторлордун сатуу пункттарынан, ошондой эле автобус менен троллейбустун айдоочуларынан алууга болот.
«Муниципалдык автобус менен троллейбустарда шаардыктарга көмөктөшүү үчүн айдоочуларды жана 250дөй консультантты даярдадык. Консультанттар системанын ишине, төлөө процессине байкоо салып, жүргүнчүлөргө керектүү учурда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт», — деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, картанын баасы 50 сом, биринчи жолу түшкөндөргө бекер.