• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте коомдук транспорттун беш айдоочусу иштен алынды

14 Бирдин айы 2024 9:13 Бишкек Govori.TV

Бишкекте коомдук транспорттун беш айдоочусу иштен алынды. Буга алардын жол эрежесин одоно бузгандыгы себеп болгон.

Муниципалитеттен билдиришкендей, андан тышкары, 3 айдоочу 100% сый акысынан ажыратылган.

Маалыматка ылайык, бүгүг «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы, “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканалары жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында айдоочулар арасында жыйын өткөрдү.

Анын жүрүшүндө жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүшү боюнча маселе каралып, айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эрежени сактабаган айдоочуларга өтө катаал жана ыкчам чараларды көрүү боюнча милдеттер коюлду.

Мындан тышкары, накталай эмес төлөм системасына толук өтүүдө пландын аткарылышы туралуу маселе көтөрүлүп, жүргүнчүлөрдөн накталай эмес төлөм жүгүртүүсүн талап кылуу, айдоочуларга коюлган баардык талаптарды жана эрежелерди сактоо талкууланды.

Жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев, Бишкек шаарынын прокуратурасынын өкүлү Исланбек Кудакеев, Бишкек ШИИБ ыйгарым укукту өкүлү Солтонов Самат, Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын улук лейтенанты Кадырбек Батырбеков, «БЖАИ» муниципалдык ишканасынынын директору Талант Капаров, ишкананын кызматкерлери, автоколонналардын башчылары жана айдоочулар катышты.

Белгилей кетсек, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын айдоочулары жол кыймылынын эрежелери боюнча сынак тапшырууда.

Жыйындын натыйжасында жол кыймылынын эрежелерин сактабаган, накталай эмес төлөм жүгүртүүдө каражаттарды ысырап кылган айдоочуларга өтө катаал чаралар көрүлөрү эскертилди.

Количество просмотров: 849