• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкекте коомдук унаалар текшерилип жатат

18 Бирдин айы 2021 16:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери коомдук унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек ШИИББдин Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун соңку аялдамаларына барып, айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Жолугушуу учурунда унаанын техникалык абалына көңүл бурулуп, жарык берүүчү, айнек тазалоочу жана электр жабдыктары, аккумулятору текшерилип, аны менен бирге сөзсүз түрдө санитардык нормалардын сакталышы зарыл экендигин эскертилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 256