• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Милицияга баш ийбей качкан айдоочу кармалды

28 Чын куран 2021 14:35 Бишкек Govori.TV

Милициянын кайгуул кызматкерлерине баш ийбей качкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бир күн мурун социалдык тармактарда жол эрежелерин одоно бузган “Мерседец Бенц” үлгүсүндөгү автоунаа кайгуул кызматкерлерине баш ийбей качып кеткендиги тууралуу видео тараган.

Бул боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жургүзүп, аталган автоунаанын 1993-жылы туулган Б.И. аттуу айдоочусун табышып, баш ийбегендиги, каршы тилкеге чыккандыгы, уюлдук телефон колдонгондугу жана башка жасаган бузуулары үчүн КРнын Бузуулар тууралуу кодексинин тийешелүү беренелеринин негизинде жалпысынан 5 протокол толтурулду.

Количество просмотров: 178