• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Милициянын кайгуул кызматкерлери сыйланды

3 Бирдин айы 2021 9:17 Бишкек Govori.TV

Милициянын кайгуул кызматкерлери кылган татыктуу кызматы үчүн сааттар менен сыйланышты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматынын 10 кызматкери шаардын аймагында коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо кошкон зор салымы, ошондой эле ички иштер органдарында өтөгөн зор кызматы үчүн, Бишкек ШИИББгы боюнча милициянынын кайгуул кызматы башкармалыгынын атынан “Портфель” жана сааттар менен сыйланышты.

Сыйлыктарды Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын башчысы Алмазбек Исаков тапшырып, кызматкерлерге иштерине ийгиликтерди каалаган.

Количество просмотров: 74