• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте өзүнүн кызын уурдоого шектүү жаран кармалды

9 Чын куран 2021 10:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында өзүнүн кызын уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 8-апрель күнү болжол менен саат 21:20 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына

«Чыгыш-5» кичи районунан кичинекей кызды уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1984-жылы туулган Ж.К. аттуу айым жардам сурап кайрылган. Анда 2008-жылы туулган У.Х. аттуу кызын мурдагы жолдошу уурдап кеткенин кабарлаган.

«Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары Кулиева көчөсүнөн Ош шаарына кетүү максатында таксиге отуруп жаткан жеринен 1984-жылы туулган У.Э. аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен. Ал эми 2008-жылы туулган У.Х. аттуу кызын кайгуул кызматкерлери апасына сак-саламат тапшырышты»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 261