• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте коомдук жайлар дезинфекцияланууда 

30 Кулжа 2020 9:10 Бишкек Govori.TV

Бишкекте күчөтүлгөн дезинфекция иштери жүргүзүлдү.  Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан  билдиришти.

Эркиндик бульварынан баштап Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнө чейин эл көп чогулуучу жайлар, банктар, дарыканалар, аялдамалар, өтмөктөр, ири соода борборлордун алды тазаланган. Жалпы 14080 чарчы метр жер дезинфекцияланды.

«Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолуна чейин жана Манас көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралык, «Эркиндик» бульвары, «Ала-Тоо» аянты, «Эмен багы», Панфилов атындагы сейил бак жана башка коомдук жайлар залалсыздандырылды.  Дезинфекциялоо иш-чаралары уланат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 65