• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бишкекте «Коопсуз шаардын» акыркы камералары орнотулду (тизме)

13 Бугу 201913:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.

Бишкекте «Коопсуз шаардын» акыркы камералары орнотулду. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Комитеттен кабарлашкандай, «Коопсуз шаардын» биринчи баскычынын акыркы камералары 19 көчө кесилишинде орнотулган. Учурда алар ишке кире элек. Болжол менен камералар 14-майда иштеп баштайт.

Камералардын дареги:

  1. Элебесов — Аул;
  2. Дэн Сяопин — Б. Алыкулов;
  3. Дэн Сяопин — Садыгалиев;
  4. Бөкөнбаев — Жаш Гвардия;
  5. Фучик – Май куюучу жай;
  6. Сүйөркулов — Байтик Баатыр;
  7. Чүй — Шопоков;
  8. Сүйөркулов — Юнусалиев;
  9. Ч. Айтматов — Ахунбаев;
  10. Жибек Жол — Лермонтов;
  11. Ауэзов — Чүй;
  12. Л. Толстой — Жаш Гвардия;
  13. Л. Толстой — Бакаев;
  14. Б. Алыкулов — М. Өмүракунов;
  15. Ахунбаев – Тыналиев;
  16. Ч. Айтматов — А. Масалиев;
  17. М. Горький — Ч. Айтматов;
  18. А. Токомбаев — 7-Апрель;
  19. Ч. Айтматов — Семетей.

Белгилей кетсек, долбоордун биринчи баскычында 110 аппараттык-программалык комплекс ишке кирет: Бишкекте – 42, Чүй облусунун жолдорунда – 48 жана 20 көчмө комплекс.


Количество просмотров: 19