• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте кудуктан эркек кишинин жансыз денеси табылды

19 Үчтүн айы 202210:38 Бишкек Govori.TV

Кудуктан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Ленин районундагы Бөкөнбаев көчөсүндөгү «Ала-Арча» дарыясынын жээгиндегы кудуктун ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылып, кудуктун ичинен жансыз денени алып чыккандан кийин ал 41 жаштагы А.Ж. аттуу жаран экендиги аныкталды.

Маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 167