Бишкекте бир катар курулуш компаниялары шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Алсак, -Ажыбек Баатыр көчөсү, 15 дарегинде жайгашкан «Прайм Констракшн» ЖЧКсы курулуш объектинин жанаша аймагында тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу боюнча эрежелерди сактаган эмес. КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренеси боюнча 13 миң сом суммасында протокол түзүлдү;
«Кент Строй» ЖЧКсы курулуш аянтчасында санитардык нормалардын сакталбашы, бетон аралашмасынын төгүлүшү жана ирригациялык системаны булгаганы үчүн 114- 115-берененин 2-бөлүгү жана 249-берене боюнча протокол түзүлүп, салынган айып пулдун жалпы суммасы 49 миң сомду түздү;
«Памир Строй» ЖЧКсы жанаша аймагындагы антисанитария, ошондой эле муниципалдык аймакка бетон аралашмасын төккөнү үчүн компанияга 114 жана 115-берененин 2-бөлүгү боюнча 36 миң сом суммасында протокол жазылды.
Бишкек мэриясы бардык юридикалык жана жеке жактар шаардын көрктөндүрүү эрежелерин сакташы керектигин эскертет.