• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте Кусеин Карасаевдин эстелигинин ачылышы өттү

29 Аяк оона 2021 10:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек мамлекеттик университетинин алдына орнотулган лексиколог, филология илимдеринин кандидаты Кусеин Карасаевдин эстелигинин ачылышы өтүүдө.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, БМУнун эмгек жамааты жана студенттер катышты. Салтанаттын катышуучулары академиктин эстелигине гүл коюшту.

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев өз сөзүндө, он жылдай мурун Садыр Жапаров Кусеин Карасаевге эстелик орнотуу зарылдыгын белгилегенин жана бүгүн, президенттин жеке демилгесинин аркасында эстеликтин ачылышы болгонун өзгөчө белгиледи.

Кусеин Карасаев 1901-жылдын 5-январында азыркы Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында орто чарба үй-бүлөдө төрөлгөн. 1946-жылдан тарта КПСС мүчөсү. Эски мектептен кат таанып, алгачкы билимди Пржевальск шаарындагы орус-тузем мектебинен алган. Ленинграддагы Енукидзе атындагы Чыгыш институтут бүтүргөн.

1921-1922-жылдары Кең-Суу айылдык революциячыл комитетинин төрагасына орун басарлык кызматты аткарган жана маданий-агартуу кызматтарда иштеген.

1927-жылы Карасаев Бакуда ѳткѳн жаңы түрк алфавитинин борбордук комитетинин пленимуна катышкан. 1931-1940-жылдары Кыргыз маданий курулуш илимий изилдөө институтунда илимий кызматкер болгон. 1951-1974-жылдары Кыргызстан мамлекеттик университетинде мугалим болуп иштеген.

Карасаев кыргыз алфавитинин бардык түрүн түзүүгө катышкан. Авторлош болуп чоңдор үчүн “Жаңылык” деген туңгуч алиппе түзүшкөн. Өзү да “Сабат ачкыч” алиппесин жазган.

Карасаев Кыргызстанда сөздүк түзүү ишине негиз салгандардын бири. Ал Игорь Батманов менен бирге кыргыздардын сөздүк жаатындагы туңгуч эмгеги — “орусча-кыргызча сөздүктү” түзгөн, 1944-жылы “орусча-кыргызча сөздүк”, 1966-жылы Карасаев тарабынан чоң “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү” (60 миң сөз) жарык кѳргөн.

Количество просмотров: 129