• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча республикалык мелдеш өтөт

26 Бугу 202315:58 Бишкек Govori.TV

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча республикалык мелдеш өтөт. Байге фонду 1 млн сом. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Дүйнө чемпиону Жанболот Осмоновдун жаркын элесине арналган мелдеш үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда Бишкектеги «Газпром балдарга» ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Катышуучулар 62, 75, 85, +85 кг жана 75 кг салмакка чейинки абсолюттук салмакта күч сынашат.

Количество просмотров: 85