Бишкек.13.06.2019.Govori.TV.
Бүгүн, Бишкекте Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин катышуусунда чоң программадагы концерт өттү. Бул тууралуу КРнын Эл артисти Саламат Садыкова билдирди.
Анын айтымында Си Цзиньпиндин өмүр таржымалы менен таанышып, анын кандай кыйын күндөрдү башынан кечиргени тууралуу маалымат алган соң кытай маданиятына кызыгуусу арткан. КЭРнын төрагасынын катышуусундагы концертти биринчи болуп Саламат Садыкова кытай тилинде «Кыргыз-Кытай ынтымагы ширелсин»,-деген чыгарманы аткаруу менен ачкан.
Эске салсак, концертке бир топ өнөр өкүлдөрү катышкан.