• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Бишкекте кытайлык кыргыздар митинг уюштурду

10 Бештин айы 201813:06 Бишкек Govori.TV

 

Бишкек.10.12.2018.Govori.TV

Бүгүн,  10-декабрда Бишкек шаарындагы Бириккен улуттар уюмунун имаратынын алдына кытайлык кыргыздар кыргыз бийлигине кайрылуу жасап,тынчтык митингин уюштурушту. Алар кытайдагы туугандары менен байланышта болууну каалайт. Митингке чыккандардын айтымында ал жактагы кыргыздарды камооого эч кандай негиз жок.  

Алар кытайдагы кыргыздардын үйүнөн жайнамаз,теспе же куран китеби чыкса сөзсүз түрдө камоого дуушар болуп жатканын билдиришти.

Жогоруда көрсөтүлгөн буюмдарды колдонбогон күндө деле алар кармалып жатышканына митинг уюштуруучулар таң экенин айтышат.

Коомдук активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн резиденцияда адам укуктарына арналып, өткөрүлүп жаткан конференцияны негизсиз деп эсептейт. Анын себебин укук коргооочу боордошторго эч кандай колдоо бийлик тарабынан боло электиги менен түшүндүрдү.

 Эскерте кетсек, бул митингке кытайда туугандары камалып, дайынсыз болуп жаткан кыргыздардын туугандары катышышты. Алар кыргыз бийлигине кайрылып, алардын дарегин билүүгө жардам берип, байланыш түзүп берүүнү өтүнүшөт.

Количество просмотров: 16