• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте кыз ала качууга шектелип 2 жаран кармалды

22 Жетинин айы 202211:59 Бишкек Govori.TV

Бишкекте кыз ала качууга шектелип 20 жана 24 жаштагы жигиттер кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрда Ленин райондук милициясына С.Д. аттуу кыз кайрылып, аны С. менен Ж. аттуу чала тааныш адамдар ошол эле күнү саат 15:00дөр чамасында Арча-Бешик конушунда Volkswagen Passat унаасына салып, Токмок тарапка ала качуу үчүн алып кетүүгө аракет көргөнүн билдирген.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (“Никеге туруу максатында ала качуу”) менен катталган.

Шектүү катары 20 жаштагы С.С. жана 24 жаштагы К.Ж. аттуу жигиттер кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 159