• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкекте Магистраль көчөсү оӊдоо үчүн жабылат

17 Баш оона 2021 9:08 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Магистраль көчөсү оӊдоо үчүн жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынан билдиргендей, 17-августтан тартып Магистраль көчөсүнүн Садырбаевден Кырманга чейинки бөлүгү оӊдоо үчүн жабылат.

Маалыматка ылайык, көчөнүн узундугу 560 метр, жолдун туурасы 8 метрди түзөт.

Оӊдоо иштери башталаардын алдында тоскоолдук жараткан 16 телефон мамысы алынат. Ошондой эле көчөнүн бир жагына ирригация тармагы, экинчи жагына жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк салынат.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын тыгындарды алдын алуу үчүн унаа менен жүрүү маршрутун алдын ала пландаштырууну суранат.

Количество просмотров: 225