• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Бишкекте май куюучу станциянын жанында өрт чыкты. Унаа кыймылы токтотулду

19 Бештин айы 202012:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-декабрда Бишкектин Саякбай Каралаев жана Иса Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан сервистик тейлөө борборунан өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылды.

Азыр өчүрүү иштери уланууда. Күбөлөр өрт чыккан имараттын жанында май куюучу станция жайгашканы тууралуу видео-сүрөттөрдү социалдык тармактарга жарыялап жатышат.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Ахунбаев көчөсүндөгү өрт чыккан аймакты курчоого алды. Унаалардын кыймылы токтотулду.

Количество просмотров: 253