• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте маршрутка жеңил унаа менен кагышты. Жабыркагандар бар

28 Теке 2022 9:53 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бүгүн, 28-июлда саат 7:40тар чамасында №105 маршруттук таксинин катышуусунда жол кырсыгы орун алды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сухэ Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде маршрутка бурулуп жатып “Фольксваген Пассат” унаасы менен кагышкан.

Алдын ала маалымат боюнча, маршрутканын төрт жүргүнчүсү жабыркаган, алар ооруканага жеткирилди.

Окуя болгон жерде кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.

Количество просмотров: 309