• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Бишкекте маршрутканын айдоочулары жол талашып, уруша кетишти

7 Тогуздун айы 2021 15:33 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жол талаша кеткен маршрутканын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык милициясы боюнча МККБнын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери № 240 жана №104 маршурттук унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү, ошол эле учурда жол кыймылынын башка катышуучуларынын жүрүүсүнө тоскоолдук жараткандыгы үчүн бузуулар кодексинин негизинде тийиштүү протокол толтурушту.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда жол талаш кеткен эки айдоочунун чырдашып жаткан видеосу тараган.

Количество просмотров: 167