• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

Бишкекте Масалиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

9 Кулжа 202616:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 9-июндан 23-июнга чейин Абсамат Масалиев проспектисинин бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Чектөөлөр жер алдындагы жөө жүрүүчүлөр өтмөгүн куруу иштерине байланыштуу жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу келтирилген ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну жана каттамдарды алдын ала пландаштырууну суранат.

Количество просмотров: 18