Бишкектеги кафелердин биринде мушташ чыкты. Бул туурасында Октябрь райондук милициясынан кабарлашты.
Окуя боюнча маалымат милицияга 20-декабрда болжол менен саат 02:00 чамасында келип түшкөн. Саат 06:50 чамасында Бишкек шаарындагы №1 клиникалык ооруканага С.Т жана Р.Т аттуу эки киши кайрылып, бычак жегенин айтышкан.
Факт Октябрь райондук милициясынын маалыматтарды каттоо журналына түшүрүлүп, тергөөгө чейинки иштер башталган. Учурда милиция мушташтын катышуучулары менен кишилерге бычак ургандарды издеп жатат.