• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте массалык мушташ боюнча 3 чет элдик жаран кармалды

14 Жетинин айы 202410:59 Бишкек Govori.TV

Бишкекте массалык мушташка катышкан үч шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, 9-ноябрда Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын «102» кызматына Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде чет өлкөлүк жарандар массалык мушташып жатышат деген маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр 2003-жылы туулган М.И.Ш., атту, 2002-жылы туулган, М.И.Х., атту жана 2004-жылы туулган М.И.И., аттуу чет элдик жарандар аныкталып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасын КЖПКнын 96-беренеси менен Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө амалдары уланууда

Количество просмотров: 200