Бишкек шаарындагы мечиттерде жума намазын окуу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңеши чечим кабыл алган.
1. Кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулсун. Жума намазынын ордуна бешим намазы өз алдынча окулсун;
2. Беш убак намаз мечиттерде санитардык талаптарды аткаруу жана аралыкты сактоо шарты менен окула берет;
3. Жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталат.
Дин башкармалыгынан бул чаралар эпидемиологиялык абалды эске алуу менен инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында кабыл алынганы айтылат.