Бишкекте № 67 мектептин окуучусунан кургак учук аныкталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-мартта мектепке окуучудан кургак учук аныкталгандыгы боюнча санитардык билдирүү келип түшкөн.
«Мындан улам мектеп администрациясы тиешелүү класска жергиликтүү медициналык кызматкердин катышуусунда ата-энелер чогулушун өткөргөн. Мектеп 11-мартта тарта эки күнгө онлайн окууга өтүп, 12-мартта мектепте тиешелүү санитардык тазалоо иштери жүргөн. Жогорудагы окуучу менен байланышта болгон классташтары жана мугалимдери үчүн рентген аппаратынан өтүү маселеси мектеп жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган», — деп жазылат маалыматта.