• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте мектептеги өкүмзордуктун алдын алуу маселеси талкууланат

17 Тогуздун айы 2018 9:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.10.2018.Govori.TV.
Бишкекте бүгүн, 17-октябрда шаардагы мектеп директорлорунун кеңешмеси өтөт. №25 мектепте боло турган жыйынга директорлордон тышкары билим берүү борборлорунун өкүлдөрү, жаш өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор катышат.
Анда жалпы билим берүү мекемелериндеги эреже бузуулар, рэкетчилик, калайман мушташ, үстөмдүк, өкүмзордуктун алдын алуу талкууга алынат.
Бул көйгөйлөр 12-октябрда №47 мектептин 8-классынын окуучусу ур-токмокко кабылып, ооруканага түшкөндөн кийин күн тартибине чыкты. Териштирүүдө ал бала дүкөнгө баратып жолдо турган 9-класстын окуучусуна ийини тийип кеткендиктен сабалганын айтып берген.
Ленин райондук милициясы бул окуяга байланыштуу “Бейбаштык” жана “Опузалоо” беренелери менен кылмыш ишин козгоду.
Количество просмотров: 31