Бишкекте өспүрүмдү коркутуп, акча талап кылган деген шек менен милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 6-июлда болгон.
«ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкери электрондук тамеки чегип отурган өспүрүмдү айып салам деп коркутуп, акча талап кылып, каражатын банкоматтан чыгартып алган. Өспүрүм моралдык-психологиялык кысымдын кесепетинен окуя болгон жерден эсин жоготуп, ооруканага жеткирилип, ага «геморрагиялык инсульт» диагнозу коюлган. Ал эми милиция кызматкери изин жашыруу максатында оор абалда жаткан баланы жеринде таштап кеткен»,-деп жазылган билдирүүдө.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 144-беренеси (“Коркунучта калтыруу”) менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилди.