• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте милиционерлер пара менен кармалды (видео)

4 Жалган куран 2021 11:36 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын эки ыкчам кызматкери кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, колго түшүрүлгөн милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын тургунунан кылмыш ишин токтотуу үчүн опузалап 100 миң сом талап кылган деп шектелүүдө.

Маалым болгондой, алар 2-мартта жабыркаган адамдан акчанын бир бөлүгүн, тагыраагы, 75 миң сомун алышкан. Калган 25 миң сомду алып жаткан жеринен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен ИИМдин ички иликтөө кызматы кармаган.

Количество просмотров: 13722