• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Бишкекте милиция аялдарды тепти». Орусияда кыргызстандагы аялдардын укугун коргоо боюнча пикет өттү

11 Жалган куран 2020 10:16 Бишкек Govori.TV

8-март күнү Бишкекте «Аялдардын тилектештик жүрүшү» өтмөк. Бирок алгач калпак кийген беткапчан белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен. Түшүнүк кат жазгандан кийин демилгечилер кое берилген.

Бул көрүнүштөн соң бир топ пикирлер жаралып, жада калса «аялдар маршында» болгон окуяны чет элдик басылмалар да жазышып, аялдардын укугу тебеленип жатканын жазып чыгышкан эле.

Ал эми Санкт-Петербургда феминисттер пикетке чыгышып, Бишкектеги кармалган феминисттерге колдоосун көрсөтүшкөн. Чыккандар колдоруна «Милиция Бишкекте 8-мартта аялдарды тепкилешти» деген сыңары жазууларды кармап алышкан.

https://www.facebook.com/everibs/posts/2707587919310719

Мындан тышкары, Москвада жайгашкан Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин алдына да пикетке чыгышкан. Алар да колдоруна жазуу кармап, феминисттерге кол салууну териштирүү керектигин талап кылып чыгышкан.

https://www.facebook.com/kirill.medvedev.7/posts/2801222053298166

Количество просмотров: 296