• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте милиция кызматкерлери кармалды

17 Бирдин айы 202611:16 Бишкек Govori.TV

Бишкекте милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Свердлов РИИБинин кызматкерлери кызматтык шалаакылык жана кызматтык документтерди жасалмалоого шектелүүдө.

УКМК тарабынан «Башка кылмышты жашыруу же аны жасоого көмөктөшүү» беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Свердлов РИИБинин кызматкерлери А.у.К., К.А.Т. жана К.М.К. аттуу 3 кызматкер кармалды.

Учурда алар УКМКнын тергөө камагына кармалды.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери козголуп, керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 204