Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, шаардагы экологияны жакшыртуу максатында инспекция Свердлов жана Биринчи май райондорундагы мончолорго рейддерди жүргүзө баштады.
«Мончонун ээлерине тыюу салынган буюмдарды (резина, пластмасса, тигүү калдыктары ж.б.) өрттөөгө жол бербөө жөнүндө 10 билдирүү берилди, ошондой эле газга өтүү сунушталды. Тыюу салынган заттарды өрттөгөн учурларда инспекция тарабынан менчигинин түрүнө карабастан «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 3-беренесинин 115-бөлүгү боюнча 7 миң 500сомдон 23 миң сомго чейин айып салынат»,-деп айтылат маалыматта.