• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Бишкекте муниципалдык аянттарды ээлеген гараждар бузула баштады

27 Тогуздун айы 20259:14 Бишкек Govori.TV

Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы 25-октябрда муниципалдык жердеги гараждардын ээлерине билдирүү таратып, алар муниципалдык жерде турган курулушту өз эрки менен бузушу керектигин, бул үчүн беш күн берилерин белгилеген.

Маалыматка ылайык, Репмин-Космический көчөлөрүндө жайгашкан 701 гараж алынышы керек, анын ичинен 93 гараждын ээси мүлкүн өз ыктыяры менен бузуп алып кеткен.

Бошотулган жерге бала бакча курулары кабарланды.

Мындан тышкары Бишкек мэриясында түзүлгөн атайы комиссиянын чечими менен Патрис Лулумба 48 дарегинде курулган 422 гараждын ээлери да жерди бошотууга тийиш. Бошогон жерге гүлбакча пайда болот.

Буга чейин мэрия Жер кодексине ылайык жеке же мамлекеттик менчик катары расмий катталбаган жер тилкелеринин баары муниципалдык менчик болуп эсептелерин эскерткен.

Количество просмотров: 85