• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте мурдагы прокурордун жардамчысы баңгизат сатууга шектелип кармалды

7 Теке 202513:32 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги Бишкектин райондорунун прокурорунун мурдагы жардамчысы интернетте маңзат сатууга шектелип кармалганын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, Бишкек жана Чүй облусунун аймагында Телеграм социалдык тармагы аркылуу марихуана саткан интернет-дүкөндүн ишмердиги аныкталып, токтотулган.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул заттар атайын текшерүү үчүн сатып алынып, кара куурайдын негизги психоактивдүү компоненти болгон ТГК (Тетрагидроканнабинол) жогорку деңгээлде камтылган баңгизаттын үлгүлөрү алынган. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 1986-жылы туулган, борбордун райондорунун биринин прокурорунун мурдагы жардамчысы М.у. Н. кармалып, анын жанынан баңгизаттар, прокурордун жардамчысынын күбөлүгү, банктык карталар жана уюлдук телефондор табылган. Жашаган жерин тинтүүдө ири өлчөмдөгү марихуана, кара куурай менен спирттүү тундурмалар, ошондой эле өсүмдүктөрдү өстүрүүгө арналган жабдуулар – фито-нарколаборатория (гроутенттер, лампалар, термометрлер жана башка буюмдар) табылып, алынды”, — деп жазылган маалыматта.

Маңзат сатуудан каражаттар электрондук төлөм системалары аркылуу, үчүнчү жактардын атына катталган эсептер аркылуу түшүп турганы аныкталган.

Количество просмотров: 79