• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте муз скульптураларынын көргөзмөсү өтөт

24 Бештин айы 20199:11 Бишкек Govori.TV

Бишкекте январь айында муз скульптураларынын «Назик кооздук» аталышындагы көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көргөзмө 5-13-январь күндөрү Бишкек шаардык базарында болот.

«Катышам дегендерге эшик ачык. Сүрөтчү, скульптор, прикладдык искусствонун чеберлерин, ЖОЖ студенттерин, мугалимдерин жана окуучуларды сынакка катышууга чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен үч алдыңкы орун аныкталат:

  • I орун — 70 миң сом;
  • II орун — 40 миң сом;
  • III орун — 25 миң сом.

Ошондой эле катышуучуларга жаңы жылдык белектер ыйгарылат. Мындан тышкары, көргөзмөгө күбө болгондор «көрүүчүлөрдүн тандоосу» номинациясы боюнча добуш бере алышат.

Арыз менен эскиздер 2020-жылдын 5-январына чейин кабыл алынат.

Количество просмотров: 172