• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте муздак сууга баа көтөрүлөт

5 Бирдин айы 2018 16:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.02.2018.Govori.TV

Борбор калаада суунун тарифин жогорулатуу пландаштырылып жатканын Sputnik Кыргызстан радиосунун «Ачык кеп» рубрикасында сүйлөп жатып «Бишкексууканал» өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчи орун басары Мурадин Сейдалиев билдирди. Бул тууралуу биздин агенттик «Бишкексууканал» ишканасына кайрылганыбызда сууга болгон бааны көтөрүү пландалып жаткандыгын, бирок убактысы боюнча так маалымат жок экендгин, бул маселе шаардык кеңештин чечими менен болорун билдиришти.

Мурадин Сейдалиевдин айтымында, ичүүчү суу максатсыз пайдаланылып, огород менен бакчаларды сугарууга колдонулуп жатат. Көйгөй өзгөчө жаңы конуштарда курч турат. Сейдалиев бир адамга суткасына 170 литр суу туура келерин белгиледи.

«Тариф көтөрүлөт. Ичүүчү суунун бир куб метри калк үчүн 6,38 сом болуп, өздүк баасы 8,1 сомго чыгат. Маселени мэрия көтөрүп, шаардык кеңеш аркылуу чечилиши керек», — деди ал.

Сейдалиев жеке сектордо суу өлчөөчү жабдууларды орнотуу пландаштырылып жатканын кошумчалады.

 

Количество просмотров: 4