Бишкек шаарынын Ленин районунда жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен, баасы 28 миллион 273 миң сомго бааланган жер тилкелери мэрияга кайтарылды.
Башкы прокуратура кабарлагандай, Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары 2005-жылы Арча-Бешик жаңы конушундагы 5 жер тилкесин турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берип жиберишкен.
Прокуратура көрсөтүлгөн жерлерге мыйзамсыз берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу жөнүндөгү прокурордук акты менен сот органдарына кайрылган. Кароонун жыйынтыгында доо арыздар толук канааттандырылып, жер тилкелери мамлекеттин менчигине алынды.