• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте мыйзамсыз курулган имараттар бузулууда

30 Бугу 202211:14 Бишкек Govori.TV

Космическая жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде уруксат берилбеген, мыйзамсыз капиталдык имарат бузулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызмаынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, бузуу иштери Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын доо арызынын негизинде жүргүзүлүүдө. Арыз Ленин райондук сотунун чечими менен канааттандырылган.

Аянты 126 чарчы метр болгон имараттын тиешелүү уруксат документтери болгон эмес.

Количество просмотров: 1074