• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте мыйзамсыз курулуштар алынууда

30 Чын куран 2021 9:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен мыйзамсыз объектилерди демонтаждоону улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдорду куруу жана оңдоп-түзөө боюнча шаардык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында, Түгөлбай-Ата көчөсүндө автоунаанын май алмаштыруучу жайы алынган.

«Түшүндүрүү иштеринен кийин Ынтымак жаңы конушундагы Магистраль жана Славгородский көчөлөрүнүн кесилишинде Орто-Сай айылынын Рысмендиев жана Иманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз курулуштар, ошондой эле 7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бетон тосмо өз ыктыярлары менен бузулуп алынды», — деп айтылат маалыматта.

Алар:

  • Биздин топ тарабынан 12-кичи районундагы №65 үйдүн жанындагы күркө, Леваневский көчөсүндөгү уруксат берилбеген темир тосмо жана кампа алынды.
  • Чүй кең көчөсү менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Харатц Паб” кафесинин темир тосмосу алынды, аны орнотууга уруксат берилген эмес.
  • Мындан тышкары Анкара көчөсүндө 7-Апрель көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин жарнама мамыларын «тазалоо» жүргүзүлдү.
Количество просмотров: 298