• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Бишкекте мыйзамсыз курулуштар алынууда

15 Аяк оона 2020 12:05 Бишкек Govori.TV

Бишкекте мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мэриянын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен калааны мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен «Мурас-Ордо» жаңы конушунун №2271 тилкесинде жайгашкан турак үй түрттүрүлдү. Үйдүн кожоюндарында тиешелүү уруксат документтери болгон эмес.

Ошондой эле №6 кичи районунун №10 үйүнүн жанына орнотулган тосмо алынган.

Жакында Москва жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз орнотулган бастырма алынып салынды.

Бишкек мэриясы ишкерлерден жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранат.

Количество просмотров: 339