Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мэрия билдиргендей, учурда мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте Кривоносов көчөсү, 2 дарегинде жайгашкан 4 кабаттуу мыйзамсыз курулушту түрттүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Объектинин ээсине көп жолу эскертүү берилген, бирок ал эскертүүлөрдү четке кагып, курулушун уланта берген. Иш Жогорку сотто каралып, токтом шаардын пайдасына чечилген.