• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Бишкекте мыйзамсыз объектилер алынууда

15 Үчтүн айы 202113:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте шаарды мыйзамсыз объектилерден тазалоону улантууда.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, уруксатсыз орнотулган объектилердин ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин, «Ала-Тоо» аянтында жыгач стенд жана велосипедди ижарага берүүчү бир жай алынды. Ал эми «Россия» кинотеатрынын жанында күч өлчөгүч ээлери тарабынан алынып салынды.

Эмен сейил багындагы уруксат берилбеген күркө дагы түрттүрүлдү.

Ошондой эле мэриядан кошумчалашкандай, бүгүнкү күндө Ч.Айтматов проспектисиндеги Жибек-Жолу проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки тротуарда жайгашкан мыйзамсыз орнотулган жарнак мамыларын демонтаждоо боюнча рейддер жүргүзүлүп, 42 жарнак конструкциясы айып жайга жеткирилди.

Количество просмотров: 111