• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган соода күркөлөр алынды (сүрөт)

2 Кулжа 202016:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган соода күркөлөр алынды. Бул тууралуу мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Патрис Лумумба, Жибек-Жолу, Абдрахманов көчөлөрүндө жана Аламүдүн-1 кичи районундагы мыйзамыз орнотулган соода күркөлөр жана жарнамалык баннерлер алынган.

«Мэрияга караштуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаадагы мыйзамсыз орнотулган күркөлөрдү алуу иштерин жүргүзүштү»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 176