• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкекте окуучу кызды жүк ташуучу тебелеп кеткен (видео)

22 Бирдин айы 2024 12:48 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бүгүн эртең менен «Аламедин-1» кичирайонунун Автосборочная көчөсүндө окуучу кызды жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жүк ташуучу унаа кызды сүзүп, тебелеп жана окуя болгон жерден кетип калган. Айдоочу инспекторлор тарабынан кармалды.

Окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, бүгүн, 22-февралда саат 09:30 чамасында борбор калаанын Аламүдүн-1 кичи районунда жүк ташуучу унаа окуучу кызды сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Социалдык тармактарда жолдо жаткан кыздын видеосу тарады. Бала ошол жерден каза болгон.

Количество просмотров: 1507