• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

 Бишкекте окуучулар үчүн жол кире 10 сом болобу?

14 Бирдин айы 202218:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында окуучулар үчүн жол кирени 10 сомго түшүрүү маселеси каралып жатат. бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкулов Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет жыйынында билдирди.

«Жакынкы күндөрү Бишкек шаардык кеңештин жыйынына алынып чыгарылат. Маселени бекитебиз»,-деди вице-мэр.

Депутат Маматалиев Максатбек Сазыкуловго нааразы болду.

 “Сиз “бул демилге мэрдики, андан кийин депутаттар кошулду”- деп маек берипсиз. Андай эмес чогуу эле кылып жатабыз. Депутаттарды бөлүп, мэрди өзүнчө бөлбөй элечи… Максатыбыз бир, элге жардам берели, окуучуларга жардам берели… Жол кирени 10 сомго түшүрөлү. Мэр же депутаттар демилгечи болду дегендин кереги жок”— деди Маматалиев.

Белгилей кетсек, Бишкекте коомдук транспортто жүрүү акысы 2021-жылдын 1-ноябрынан тарта кымбаттаган. Бул боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары чечим кабыл алышкан. Жол кире маршруткаларда 15 сом, ал эми автобус менен троллейбустарда 11 сом.

Количество просмотров: 236