• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте опузалап пара алган тергөөчүлөр кармалды

15 Жетинин айы 2021 9:56 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Тергөөчүлөр Н.Д. аттуу жаранынан алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.

«2021-жылдын 10-ноябрында тергөөчүлөр Бишкек шаарындагы банктардын биринен Б.К.Н. аттуу жарандын банк картасы аркылуу Н.Д. өкүлү А.И. жарандарынан 70 миң сом алышып, 2021-жылдын 12-ноябрында тергөөчү Г.М.Ш. жаран Н.Д.га карата алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом чыгарганы аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган тергөөчүнүн бири, Г.М.Ш. КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тийиштүү тергөө иш-чаралары уланууда.

Количество просмотров: 519