Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин тергөөчүсү ири суммадагы пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин тергөөчүсү О.А.Ж. тарабынан акча каражатын опузалап талап кылуу фактысын аныктап, бөгөт койду.
Ал алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуу жана аны издөөдөн чыгаруу үчүн Кыргызстандын жаранынан 25 миң АКШ долларын опузалап талап кылганы аныкталган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 17-апрелдеги токтому менен О.А.Ж.га карата бир ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандап алынды.
Азыркы учурда кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.