Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөчү тапанча менен иш бөлмөсүнүн дубалына ок чыгарган. Ал мындай кадамга кызматтан кетүү тууралуу буйрукту алган соң барганы айтылган.
Бул арада ИИМдин басма сөз кызматы маалымат таратып, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө болгон окуя ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынганын билдирди.
«13-мартында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөчүнүн тапанчасынан ок атылган. Атылган ок жерге тийип, эч ким жабыркаган жок. Аталган факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери башталды. Окуянын чоо-жайы такталып, жеринде тергөө-ыкчам тобу иш жүргүздү. Чогултулган материалдар райондук прокуратурага текшерүү жүргүзүү жана укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлдү», — деп жазылат маалыматта.
Териштирүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.