• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жайыл районунда пара талап кылууга шектелип тергөөчү кармалды

15 Үчтүн айы 202616:38 Бишкек Govori.TV

Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкеринин опузалап акча талап кылуу аракети токтотулду.

УКМКдан билдиришкендей, 13-январда Жайыл РИИБдин тергөөчүсү Ж.А.Ж. кылмыш ишин токтотуу үчүн 150 миң сом пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 160