Бишкекте өрттөн бир жаран жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ тараткан маалыматта кабарланат.
Маалыматка ылайык, 4-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында Ленин районуна караштуу, Бакаев көчөсүндө жайгашкан “Пейнт-Бол” оюн-зоок ойноочу жайынан өрт чыкканадыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине өрттү өчүрүүгө Ленин райондук №4-ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 21:54 өрт кырсыгы чектөөгө алынып, толук 23:45 өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен Б.Т. аттуу эркек киши 1-даражадагы күйүк алып, “103” тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.
Жалпы 2 даана стол, оюн-зоок ойноочу автоматтар жана 3 даана пластик терезе күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.